«Жашыл мурас» улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында Базар-Коргон районундагы №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинде “Бир окуучудан бир көчөт” аттуу акция өттү.
Окуучулар "Махабат дастанын" аткарышты
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебине Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Махабат дастаны" берилген. 
Башталгыч класстарына ноябрь айында пландалган бир айлык иш-чаралары жыйынтыкталды. Бир ай бою башталгыч класстарынын мугалимдери ар түрдүү темада пландалган иштерин өткөрүштү.
Мектептин 3- Б классынын окуучулары  башталгыч класстарынын  бир айлык иш чарасында "Карышкыр жана жети улак" жомогун куурчак театры аркылуу көрсөтүштү.
Мугалимдерди майрамы менен окуучулар куттукташты
5-октябрь "Мугалимдердин майрамы" менен окуучулар куттуктап, ыр ырдап гүл белек беришти
Мектепти беш окуучу артыкчылык күбөлүктөрүн алышты.🏤 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинде 9-классты аяктаган окуучуларга окугандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшыруу аземи өттү. Жалпы 50дөн ашуун окуучу күбөлүктөрүн алып, колледждерге тапшыра турган окуучуларга ийгилик каалады өз сөзүндө директор Давлет Омурзакова.⭐️Ал эми эң мыктылары болгон Жапарова Айдай, Изамидинова Алсу, Курманбекова Аймира, Абдыразаков Бекдияр, Садыкова Рушаналар кызыл күбөлүктөрдү алышты.Азаматсынар!!!!
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде Кыргыз Республикасынын Туу күнүнө жана Ак калпак күнү жогорку денгээлде өттү.
Ооган-Талаа айылындагы №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинде орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдери тарабынан орус элинин "Масленица" майрамы өткөрүлдү.
Бүгүн Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде PISA-2025 ке даярдоо боюнча 6 класстарынын окуучулары онлайн тесттен өтүштү.6-класстарга кыргыз тили жана математикадан онлайн тесттен  68 окуучудан катышканы 62 окуучу болду. 6-класстардын окуучуларын 100% компьютер менен камсыздалды.

Новости

«Жашыл мурас» улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында Базар-Коргон районундагы №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинде “Бир окуучудан бир көчөт” аттуу акция өттү. Акцияга мектеп жамаатты, окуучулар жана ата-энелер катышты. Бак отургузуу демилгеси ата-энелер тарабынан да колдонуп, активдүү бак отургузуп, аны көрктөндүрүүдө салым кошуп, ар бир окуучу өзү тиккен бакты карап, анын өсүүсүн камсыздайт.…
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 23-февраль "Эрдик күнүнө" карата жигиттер арасында сынак өттү [embed]https://youtu.be/dUcxnk8bNPU?si=nUgHwZN6MR_9HsAy[/embed]
Ооган-Талаа айылында зооналык кыздар арасында волейбол оюну өттү. Оюнга Базар-Коргон районундагы N6 Б.Осмонов, N20 Махмадалиев, N14 1-май, N51 О.Палванов, N17 С.Далбаев мектептеринин кыздары катышты. Оюн кызыктуу өтүп: 1-орунду N20 Махмадалиев 2-орунду N17 С.Далбаев 3-орунду N14 1-май мектептери алды. Оюнду мектептердин дене тарбия мугалимдери уюштурду