Мектепте 8-март «Аялдардын Эл аралык күнү» жогорку денгээлде белгиленди
Бүгүн 7-март күнү Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 8-март «Аялдардын Эл аралык майрамына» карата иш чаралар болуп өттү.
Саат 8.00дөн баштап агайлар жана окуучулар мугалим эжекелерди тосуп алышты. Мугалимдер жөнүндө тартылган видео клиптер көрсөтүлдү. Мугалимдерге арналган каалоо тилектер айтылып, иш чаранын экинчи бөлүгүндө 8-11-класстар арасында майрамга карата сынак болуп өттү.
Сынактын өзгөчөлүгү класстар ар түрдүү улуттарга бөлүнүп, ошол улуттун тилинде каалоо айтып, бийлерин бийлешти.
Башталгыч класстарынын 1-в,г класстары, 2-а класс, 4-б класстарынын концерттик программалары менен коштолду.
Апаларга арналган «Мен сизди жакшы көрөм» трендин Камбарали кызы Гулназ жасады.
Комментарии