Биринчи класска кабыл алуу жүргүзүлүүдө
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 1-класска каттоо жүрүүдө
1-класска келе турган окуучулардын ата-энелери электрондук түрдө арыз толтуруп, каттап жатышат.
«Негизи ата-энелерге электрондук каттоо боюнча түшүндүрүлгөн. Мугалимдер Ооган-Талаа айылындагы элди каттоо боюнча маалымат беришкен. Ата-энелер өздөрү каттап, түшүнбөй калса мектепке келип жардам алышууда»- деп билдирди мектеп директору Давлет Омурзакова.
Электрондук каттоо эки тур менен өтөт. Биринчи турда каттодо турган жери боюнча, экинчиси жашап жаткан жер боюнча.
Эскерте кетсек Чарбак, Кызыл-Суу, Көк-Тонду, Көк-Алма айылдарынан келген окуучуларды каттоо июнь айында башталат.
Комментарии