Масленица майрамы жогорку деңгээлде өттү
Ооган-Талаа айылындагы №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинде орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдери тарабынан орус элинин «Масленица» майрамы өткөрүлдү.
Майрамдан таасир алган окуучулардан маек алдык:
Масленица бул орус элинин майрамы. Алар бул майрамда кыштын аякташы, жаздын келишин майрамдашат. Ошого карабай бизда ал майрамды тособуз жакында эле биздин мектепте масленица майрамы өткөзүдү. Ушул жылы масленица майрамын жылдагыга караганда өтө сонун, кызыктуу тосуп алдык деди Раяна Иманбекова.
«Бул жылы мектеп окуучулары да активдүү катышып бийлер, ырлар, конкурстар, ярмаркалар болуп өттү. Бул майрамда көбүнчө блинчик бышырылган. Себеби блинчик күнгө окшош тегерек жана сары түстө, анан да бул жыл майлуу суттуу түшүм берсин деп да аташып коюшат. Ошондой эле майрамда чучило өрттөшөт, аны жаз чыкты эми күн жылысын деген максатта өрттөшөт.
Бизге масленица майрамында балдардын көңүлү өтө шаңдуу өттү. Ошондой эле мугалимдерибизге да рахмат. Убактысынын аздыгына карабастан алар бизге болгон күчү менен көптөгөн концертерди коюп берди. Мисалга алсак бийледик, ырдадык, частушкаларды айтып, чучела боюнча конкурстар өткөзүдү деди Марат Изамидинов.
Биздин масленица майрамын уюштурууда биринчи максатыбыз. Балдар узак қыштан, сууктан кийин жаздын келишин күн жылуусун күтүшөт. Ошондой эле биз жаздын келишин Нооруз майрамы менен күткөн болсок ал эми орус элинде масленица майрамы менен күтүшөт деди орус тили мугалими Арапатхан Абитова.
«Биз азыркы учурда балдарга орус тилин үйрөтүп жатканыбызга байланыштуу орус элинин урп адаттарында кошуп үйрөтүү мақсатында, жаздын келишин бизда масленица майрамы менен күтүп алууну адат кылып алганбыз. Масленица орус элинин адаты боюнча 7 күн майрамдашат, бизда ошондой эле бир жума майрамдайбыз. Балдар бул жумалыкты аябай сагынып күтүшөт, ал эми масленица майрамы келгенде ага аябай жигердүү даярданышат. Ар күн өзүнчө тапшырмалар менен бөлүштүрүп майрамдайбыз мисалы биринчи күнү дубал газеталарын чыгарышат, экинчи күнү частушка ырларын ырдашат, үчүнчү күнү макал-лакапдар менен айтышып, жарыш уюштурулат, төртүнчү күнү сүрөт конкурсун өткөзүп жана кол өнөрчүлүктөрүн көргөзүшөт, күндүн макетин жасашат, түрдүү куурчактарды жасашат, жаздын келишине карата куштардын уяларын жасашып, жумурткага түрдүү боёктор менен боёп келишип көргөзмөгө коюшат. Анан бешинчи күнү биз баарын жыйынтыктап, мектеп боюнча класстар бийлеп, ырдап, оюндар уюштуруп, балдар аркандай бышырыктарды алып келип коюшат. Бул биздин мектеп үчүн жалпы окуучулар үчүн өтө кызыктуу бир майрам болуп өтөт. Майрамда балдардын маанайы шаттуу жана күлкү менен аяктады. Акыркы болуп кыштын символу болгон чучеланы өрттөшөт.
Калдарбаева Нуриза, Жумабаева Айсезим
Комментарии