Салтанаттуу акыркы конгуроо өттү
С.Далбаев атындагы гимназия мектебинде акыркы конгуроо салтанаттуу майрамы болуп өттү.
Майрам 25-май күнү саат 9.00дө башталды. Салтанатка Райондук администрациядан Б.Досов, Могол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б. Алыбаева ардагер агай-эжейлер, ата-энелер, окуучулар катышты
Салтанатта жылдын жыйынтыгы менен окуу-тарбия ишинде мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен мугалимдер жана окуучулар ардак грамоталар менен сыйланышса, Элмира Бапанова Эл агартуунун отличниги төш белгиси менен сыйланды. Мындан сырткары Билим берүү министрлиги тарабынан сыйланган мугалимдер да өз ардак грамоталарын алышты.
Жылда адатка айланып калган мектеп улуу инсан Сатыбалды Далбаев атындагы мыкты окуучуларга арналган стипендиясы, ардактуу мугалим Апыш Темировдун атындагы стипендиялар менен окуучулар сыйланышты.
Райондун жана айыл өкмөттүн, мектептин сыйлыктары тапшырылды.
Жылдын мыкты мугалими:
Кадырова Гүлнара
Жылдын мыкты класс жетекчиси:
Зарина Самидинова
Жылдын мыкты окуучусу
Айдай Жапаровалар да өз сыйлыктарынын татыктуу ээси болушту
20 жылдык жолугушууга келген 2003-жылдага бүтүрүүчүлөр мектепке Манас,Семетей, Сейтек Саякбай Каралаевдин варианты менен жазылган 4 томдук китепти белек катары беришти
Салтанат оюн-зоок, ыр, бий менен коштолуп, ата-энелердин жана көрармандардын маанайын көтөрдү.
Өзгөчө 5 класстын бийи класс жетекчиси Марина Ташматова, 9-класстардын кыпгыз бийи класс жетекчиси Зарина Самидиновалар майрамдын көркүн чыгарышты.
Комментарии