Гулназ Камбарали кызы

Мектепте Ооган-Талаа мультимедиа борборунун координатору. Окуучуларды журналистикага даярдайт.

2018-2020-2022-жылдары Кыргызстан боюнча мультимедиа борборлорунун арасында 1-орунду алып келүүдө.

Окуучуларды журналистикага, сынчыл ой жүгүртүүгө, медиа сабаттуу болууга тарбиялап келет.

2015-2020-жылга чейин С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин директордун орун басары болуп иштеген.

Ар түрдүү долбоорлор менен иштейт. Демилгелүү жаштар долбоорунда ментор болуп, долбоор жазып, Могол айыл өкмөтүнүн жана Агахан фондунун жардамы менен мектепке «Жаштар окуу борборун» ачты.

Мектепте дебаттык турнирлерди уюштуруп, окуучуларды өз оюн тайманбай, так айтууга үйрөтөт. Учурда мектепте дебаттык клуб иштеп жатат.

2018-жылы «Жылдын мыкты мугалими» сынагында 2-орунду ээлеген.

2019-жылы «Кел баарлашалы», 2022-жылы «Токой тили» подкастарын чыгарган.

2022-жылы Сорос Кыргызстан фонду уюштурган Медиа Жаса долбооруна «Тоолор жана айымдар» аттуу  долбоор жазып, сүрөт көргөзмөсүн Бишкекте жана Базар-Коргондо «Жангак фестивалында көрсөттү.

«Окуу керемет» долбоорунун улуттук тренери.

Учурда Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборуна радио ачуунун үстүндө иштеп, январь айына ачууну пландап жатат.