«Акыл таймаш» интеллектуалдык сынагынан жеңишке жетишти
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги нин Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз тилинин 35 жылдыгына карата УТРКнын Баластан студиясы тарабынан уюштурулган «Акыл таймаш» интеллектуалдык сынагына Базар-Коргон районунан №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучулары катышып, атаңдашы Панфилов районунун окуучулары менен таймашты.
Интеллектуалдык сынак үч тур менен өттү. Биринчи тур зооналык, экинчи тур райондук болуп, аталган мектептин «Мурас» тобу 1-орунду жеңип, республикалык туруна жолдомо алышкан.
Окуучуларды мектеп директору Давлет Омурзакова, Турдукан Момкеева жана мугалимдер даярдашып, борборго алып келишти.
Сынакта окуучуларды колдоо максатында Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асель Сансызбаева катышып, окуучуларга дем берип, жеңиши менен куттуктады.
«Жалпы райондун жеңиши болгон интеллектуалдык сынакта окуучуларыбыздын билиминин тереңдиги, акыл өрүшүнүн кеңдиги кубандырат. «Билимдүүгө дүйнө жарык» дегендей окуучуларыбыздын ийгилиги алардын келечегине жол ачып, Кыргызстандын керегине жараган атуулдар өсүп келе жатканын айгинелейт. Ал эми №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова, эмгек жамаатты жана окуучулар дагы да билим дүйнөсүндө бийиктиктерди багындыра беришсин»-деп куттуктады акимдин орун басары Асель Сансызбаева.
и ещё 12
Статистика и объявления
Продвигать публикацию
<img class="x16dsc37" role="presentation" src="data:;base64, » width=»18″ height=»18″ />
<img class="x16dsc37" role="presentation" src="data:;base64, » width=»18″ height=»18″ />
Все реакции:
33
Комментарии