«Бир окуучудан бир китеп» акциясы өттү
«Жашыл мурас» улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында Базар-Коргон районундагы №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинде “Бир окуучудан бир көчөт” аттуу акция өттү.
Акцияга мектеп жамаатты, окуучулар жана ата-энелер катышты. Бак отургузуу демилгеси ата-энелер тарабынан да колдонуп, активдүү бак отургузуп, аны көрктөндүрүүдө салым кошуп, ар бир окуучу өзү тиккен бакты карап, анын өсүүсүн камсыздайт.
Жалпысынан алганда 1га оянтка 430 ар түрдүү көчөттөт тигилди. Тактап айтканда 20 ийне жалбырактуу, 100 терек, 200 алма, 10 жаңгак көчөттү өтургузулду.
Акцияга катышкан ар бир бала өзүнө чоң жоопкерчилити алып, аны тигүүдө кылдаттык менен иш аткарды. Ал эми мектеп директору Давлет Омурзакова акциянын жүрүшүн көзөмөлдөп, көчөттөрдүн сапатына көңүл буруп, аянттарды класс жетекчилерге бөлүп берип, акциянын жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздады.
Комментарии