Куурчак театры мектепте
Мектептин 3- Б классынын окуучулары башталгыч класстарынын бир айлык иш чарасында «Карышкыр жана жети улак» жомогун куурчак театры аркылуу көрсөтүштү. Класс жетекчиси Гулназ Камбарали кызынын айтымында окуучуларга куурчак театры аябай жагып, аны аткарып жатканда ролго кирип, жакшы аткарып беришти деди.
Мектеп директору Давлет Омурзакова өз сөзүндө куурчак театры мектепте биринчи жолу уюштурулуп жатканын, окуучулар кызыгуу менен көрушкөнүн айтты. Куурчак театрынын келечеги бар. Айылда балдарга куурчак театры менен тааныштырып, жомокторду көрөсөтүштү. Муну менен эле чектелбестен дагы да куурчак театрды өнүктүрүү керектигин баса белгиледи.
Комментарии