Окуучулар «Махабат дастанын» аткарышты
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебине Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Махабат дастаны» берилген.
Аталган чыгарманы аткарууда мектеп жетекчиси Давлет Омурзакова баш болгон мугалимдер, окуучулар катышты. Чыгарманы кыргыз тили жана адабияты мугалими Турдукан Момкеева даярдады.
№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин жетекчиси Давлет Омурзакова бизге «Кылым каарытар бир күн» чыгармасы бөлүнгөн. Бир ай аралыгында талыкпаган эмгегибиздин натыйжасын бүгүн жалпы катышуучуларга көрсөтө алдык. Окуучуларыбыз да аябай жакшы аткарышты.
Өзгөчө Бегимайдын ролун аткарган Тахмина Суёркулова элдин көзунө жаш алганга чейин өз каарманын чагылдырып бере алды. Мындан сырткары мугалимдерден Жаңыл Борбуева, окуучуларыбыз Бекдияр Абдыразаков, Эмил Байышбеков, Элдар Сатимкулов, Нуржигит Акматалиевдер ролдорду сонун аткарышты. Көрүүчулөрдүн арасынан кийин ар түрдүү каалоо тилектер, ойлор, таасирлер айтылды. Албетте мындай кайтарым байланыштарды угуу биз үчүн сыймык болду. Негизи бүгүнкү иш чара аябай таасирдүү, кызыктуу, ар тараптуу болду. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиремин.
Комментарии